Эл агартуу

Эл агартуу

Сайт журнала Эл агартуу

Журналдын тарыхы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак белгиси” ордендүү «Эл агартуу» илимий, педагогикалык жана методикалык журналынын алгачкы саны 1928-жылдын 5-майында жарыкка чыккан. Бул кыргыз тилинде жарык көргөн кыргыздын туңгуч журналы катары тарыхтан белгилүү.

Алгач журнал билим берүү, илим, маданият, адабият, аялдар теңсиздиги, айыл чарбасы, экономика ж.б. тармактарды камтыган энциклопедиялык маанидеги журнал болгон болсо, кийин мезгилдин өтүшү менен, тагыраак айтканда, тармактык гезит-журналдардын пайда болушу менен бул журнал билим берүү жана илим тармагындагы маселелерди чагылдырууга ылайыкташып багыт алган. Ал эми анын уюштурулуу шарттарына токтоло турган болсок, аны ошол мезгилдеги коомдук-саясий абал, турмуштук шарт өзү шарттады деп айтууга болот. Себеби бул мезгилге чейин жазма маданияты аксап келген кыргыз эли үчүн бул турмуштук зарылдык эле. Демек ал учурдагы сабатсыздыкты жоюу саясатынын шарданы менен Т.Айтматов, К.Тыныстанов, Т.Жолдошев, Э.Арабаев, О.Алиев сыяктуу кыргыздын алгачкы интеллигенттери эне тилинде жарык көрчү журнал басылманын дагы керек экендигин даана түшүнүштү. Бирок андай журнал чыгаруу бир топ каражатты талап кылмак. Андыктан алардын ар бири өз чөнтөктөрүнөн 10 сомдон чыгарышып, кийин жалпы элге журнал чыгарууга көмөктөшүү үчүн жардам сурап “Эркин Тоо” гезити аркылуу кайрылышкан. Каражат эки жылга жакын убакыт бою чогултулган жана 1928-жылдын 5-майында “Жаңы маданият жолунда” деген ат менен эне тилинде жарык көргөн кыргыздын туңгуч журналы жарыкка чыккан.

Журналдан алгачкы жооптуу редактору К.Тыныстанов болуп, анын автордук курамы болуп ошол кездеги кыргыздын алгачкы интеллигенциясы, мугалимдик курстардын окутуучулары жана жогорку курстардын угуучулары эсептелишкен. Журналдын беттеринде окутуунун ыкмалары, сунуштамалар, кыргыздын жана орус акын-жазуучуларынын чыгармалары жарык көрүп турган.

Жогоруда белгилегенибиздей, мезгил өткөн сайын коомдун талабына, учурдун шартына ылайык “Жаңы маданият жолунда” өзүнүн көп тармактуу профилин кыскартып, мектепке чейинки билим-тарбия берүүчү мекемелердин, мектептердин, орто жана жогорку окуу жайларынын ишин, т.а. элге билим берүү тармагын чагылдырууга багыт алды. Ушундай шартта журнал 1932-жылдан баштап “Маданий майдан”, 1938-жылдан тартып “Окутуучуларга жардам”, Улуу Ата мекендик согуштан кийин “Мугалимдерге жардам” деген аталышта жарык көрүп келген болсо, ал эми 1972-жылдан тартып “Эл агартуу” деген аталышка ээ болгон.

Айтып өткөнүбүздөй эле, журналдын алгачкы редактору болуп К.Тыныстанов эсептелсе, кийин бул ардактуу милдетти А.Токомбаев, Т.Жолдошев, Б.М.Юнусалиев, К.Баялинов, Ж.Шүкүров, А.Элебесов, Б.Кулдашев, Б.Үмөталиева, Р.Шамурзина, Н.Кангелдиев, А.Токтосунов, А.Осмонкулов, Ш.Жамансариев, Т.Сагымбаев сыяктуу агай-эжейлерибиз аркалап келген. Журналдын калыптанышында жана өсүп-өнүгүшүндө алардын ар биринин өзүнүн кошкон салымы арбын. Тагыраак айтканда, журналдын тематикалык жактан кеңейишине, илимий-методикалык, педагогикалык жана идеялык жактан бышып жетилишинде аталган инсандардын аткарган эмгегин өзгөчө баса белгилебей коюуга болбойт. “Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр бакталбайт” демекчи, бул инсандардын аркалаган жүгү, аткарган милдети чындыгында кыргыз билим берүүсүнүн, илиминин тарыхы менен тыгыз байланыштуу жана өз учурунда коомдун күзгүсү катары аларды чагылдырып турган. Демек, педагогдор коомчулугунун сүйүктүү журналы өзүнүн алгачкы тушоосу кесилген күндөн тартып эле кыргыз элинин жаңы маданиятын өнүктүрүү, элге билим берүү ишинин сапатын ар тараптуу арттыруу жана өркүндөтүү, жаш муундарга билим-тарбия берүү менен элге ак кызмат кылууга үйрөтүү, мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, өлкөбүздөгү алдыңкы педагогдордун үйрөнүүгө татыктуу тажрыйбаларын кеңири жайылтуу, педагогика илиминдеги жаңылыктарды пропагандалоо сыяктуу маселелерди козгогон материалдарды тартуулап келе жаткандыгы мугалим журтчулугуна кеңири маалым.

Анткен менен аткарылган иштин акыбети кайтпай койбойт экен. Себеби 1978-жылы 5-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Эл агартуу” журналынын “Ардак белгиси” ордени менен сыйланышы элге билим берүү ишин өнүктүрүүдө жана жаштарды өлкөнүн татыктуу жараны кылып тарбиялоодо анын сиңирген эмгегин тааныгандык болду десек жаңылышпайбыз. Аталган сыйлыкты алуу чындыгында эле журналдын эмгек жамаатынын шыгына-шык кошуп, жоопкерчилигин арттырып, жаңы дем, өзгөчө жигер менен эмгектенүүгө түркү болду. Ошентип жетимишинчи жылдардан кийин журналдын беттеринде “Элге билим берүү ишин уюштуруу”, “Жогорку жана атайын орто окуу жайлары”, “Методика жана тажрыйба” анын ичинде ар бир предметти натыйжалуу окутуу боюнча макалалар, “Мектеп, үй-бүлө, коомчулук”, “Башталгыч мектеп”, “Мектептен, класстан тышкаркы иштер”, “Педагогика жана психология” деген сыяктуу жаңы рубрикалар ачылып, журналдын тематикалык багытын кеңейтүүгө шарт түздү.

Ал эми сексенинчи жылдардан кийин окуу программасына жаңы предметтердин киргизилгендигине байланыштуу, жаңы рубрикаларды ачууну, ал предметтерди окутуунун методикаларын, жаңычыл мугалимдердин тажрыйбаларын жарыялап турууну ылайык көрдү. Алар “Үй-бүлө турмушунун этикасы жана психологиясы”, “Информатиканын жана эсептөө техникасынын негиздери” деген рубрикалар менен жарык көрө баштады. Ошондой эле ал учурдагы жетекчилик ар бир баланын келечекте туура кесип тандап алуусуна мугалимдерди, өндүрүштө иштеп жаткан жумушчуларды, адистерди түздөн-түз милдеттендирип турган. Ага ылайык кийин журналдын беттери “Эмгекке үйрөтүү”, “Ар бир кесип ардактуу” деген сыяктуу рубрикалар менен толукталган. Анын авторлору болуп негизинен эмгекке үйрөтүү сабагынын мугалимдери, өндүрүштүк бригадалардын жетекчилери эсептелип келишкен.

Демек мезгил өтүп, коом жаңыланган сайын журнал дагы коом менен бирге кадамдап, кийинки жылдары анын беттеринде “Билим берүү жана инновация”, “Кыргыз тили мамлекеттик тил атары”, “Этнопедагогика”, “Этнография”, “Мугалимге илим казынасынан”, “Алдыңкы тажрыйбанын мектеби”, эл мугалимдерин, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкерлерди чагылдырган “Өмүрү өрнөк адам”, “Сунуштар, пикирлер, талкуулар” аттуу жаңы рубрикалар орун алды.

Бул жылдар аралыгында журнал өз окурмандарын таап, кыргыз мугалимдеринин колдон түшкүс жардамчысына айланды. Себеби журналдын беттеринде сабакты окутуунун методикасынан тартып бүгүнкү күндөгү илимий жетишкендиктерге чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарык көрүп, мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелердин тарбиячыларына, мектеп мугалимдерине, жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларына аздыр-көптүр жардам болуп, жаш жеткинчектерибизди коомдун татыктуу жарандары кылып тарбиялоодогу ак мидетин адал өтөп келет деп ишенебиз.